АЛИЗАРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЗАРИН (1,2-д и о к с и а н т р а х и н о н), С14Н8О 4 ‒ саргыч кызыл түстөгү ийнече түрүндөгү кристалл зат. Молекулалык салмагы 240,20; эрүү t 200°C, кайноо t 430°C, сууда эрибейт, бензолдо, уксус кислотасында, пиридинде жакшы ээрийт. Ализарин ‒ эӊ байыркы боёк зат. Ал марена өсүмдүгүнүн тамырында гликозиддер түрүндө кездешет. Ализарин көп валенттүү металлдардын (Аl, Са ж. б.) иондору менен түстүү туздарды пайда кылат. Ал баалуу боёкторду даярдоодо жана анализдик химияда колдонулат.