АЛИЕВ Мидин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИЕВ Мидин (1928, Нарын облусу, Кочкор айылы ‒ 1997, Бишкек) ‒ патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1965), профессор (1967). КММИни бүтүргөн (1951). Москвадагы 1-медицина институтунда аспирант. Кыргыз ССР ИАнын Бийик тоо физиол. жана эксперименттик патология институтунун директору (1954‒71), лаборатория башчысы. КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1996). Гипертония оорусунун бийик тоо шартында пайда болушу, анын өтүшү, дарылоо боюнча илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

Эмг.: Гипертония и горный климат. Ф., 1966; Гипертония и атеросклероз в условиях высокогорья (в соавторстве). Ф., 1978; Адаптация к горному климату при артериальной гипертонии. Ф., 1978.