АЛИБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛИБИ (лат. alibi ‒ башка жерде) ‒ коомго коркунучтуу жосун жасады деп күнөөлөнүп жаткан адамдын кылмыш жасабагандыгын ырастаган далилдердин болушу же кылмыш жасалган учурда башка жерде болушу. Мындай учурда алиби жазык ишиндеги материалдар менен далилденет же болбосо төгүнгө чыгарылат. Алиби далилденген учурда ал адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Тергөөчү адамды актоо жана мыйзамсыз кармоонун же камоонун натыйжасында ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу боюнча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде мындай чаралар көрүлбөсө, ал адам өзүнө келтирилген материалдык жана моралдык зыянды толугу менен өндүрүп алуу үчүн сот органдарына кайрылууга укуктуу.

                                                                                                                                                                                                                       К. Бодобаев, К. Курманов.