АЛЕУТ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕУТ ТИЛИ, у н а н г а н т и л и ‒ АКШнын Алеут жана РФдин Командор аралында жашаган алеуттардын тили. Эскимос-алеут тобуна кирет. Алеут тили үч диалектиге бөлүнөт: уналашкин, аткин жана аттуан. Акыркы эки диалектиде Командордогу алеуттар сүйлөшөт. Тыбыштык түзүлүшүндө 3 үндүү, 17 (20) үнсүз тыбыш бар. Сөздөрдүн морфологиялык түзүлүшү агглютинативдүү, мүчөлүү. РФдин Медино аралындагы алеуттар эне тилиндеги этиштин уӊгуларын сактоо менен орус тилинин жакталыш системасын өздөштүрүшкөн.