АЛЕКСЕЕВ Владимир Петрович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСЕЕВ Владимир Петрович (1955-жылы туулган, Өзбек ССР, Ташкент) ‒ педиатр, медицина илимдеринин доктору (2002). КММИни (1978), СССР МИАнын педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1985, Москва шаары) бүтүргөн. КММИде клиникалык ординатор, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИнде педиатр, кенже, улук илимий кызматкер, бөлүм башчы, реанимация-консультация борборунун башчысы. 1999-жылдан КММАнын окутуу борборунун директору.