АЛЕКСЕЕВ Владимир Петрович
АЛЕКСЕЕВ Владимир Петрович (1955-ж. т., Өзбек ССР, Ташкент) ‒ педиатр, медицина илимд. доктору (2002). КММИни (1978), СССР МИАнын педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1985, Москва ш.) бүтүргөн. КММИде клиникалык ординатор, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИде педиатр, кенже, улук ил. кызматкер, бөлүм башчы, реанимация-консультация борборунун башчысы. 1999-жылдан КММАнын окутуу борборунун директору.