АЛЕКСЕЕВ Василий Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСЕЕВ Василий Иванович (7.1.1942-жылы туулган, Рязань облусу, Покрово-Шишкин кыштагы) ‒ орус спортчусу (оор атлетика), СССРдин эмгек сиӊирген спорт чебери (1970) жана эмгек сиӊирген машыктыргычы (1991).Олимпия оюндарынын (1972, 1976), дүйнөнүн (1970‒71, 1973‒75, 1977‒78) жана СССРдин оор салмактагы чемпиону. Дүйнөнүн 80 рекордун койгон. 1970-жылы СССРдин жана Европалык, дүйнөлүк мелдештерди утуп, зор жетишкендикке жеткен. Спорттук ишмердигин аяктагандан кийин СССРдин курамында улук машыктыргыч болуп иштеген (1982‒88). 1999-жылы Россиянын спортту өнүктүрүү фондунун президенти болуп шайланган.