АЛЕКСАНДРОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ Чүй обл-нун Москва р-ндагы кыштак. Александровка айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Беловодск (Ак-Суу) кыш-нан 8 км чыгыш тарапта. 1882-ж. отурукташкан. Калкы 12805 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто ж-а негизги мектеп, оорукана, бейтапкана, дарыкана, мад-т үйү, кинотеатр, 3 китепкана, дүкөн, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузул ган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Я. Ж. Шиваза туулган.