АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:20, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДРОВ Александр Васильевич (1. (13). 4. 1883, Рязанский губерниясы, Россия ‒ 8. 7. 1946, Берлин, Германия) ‒ композитор, хор дирижёру, педагог, СССР эл артисти (1937), генерал-майор (1943), искусство таануу илимдеринин доктору (1940). Петербург, Москва консерваторияларында окуган. Советтик Армиянын Кызыл Туулуу ыр-бий ансамблинин уюштуруучусу (1928) жана жетекчиси болгон. Анын В.И. Лебедев-Кумачтын «Ыйык согуш» аттуу ырына жазган музыкасы (1941) Улуу Ата Мекендик согуштун музыкалык эмблемасы болгон.

Файл:АЛЕКС АНДРОВ52.png

Ал Советтер Союзунун Гимнине музыка жазган (1943). Көрүнүктүү массалык ырларды жазгандыгы (1942) жана концерттик аткаруучулук ишмердиги үчүн (1946) ага эки жолу СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.