АЛЕКСАНДРИЯ МАЯГЫ
‒ «Дүйнөнүн жети керемети» деп аталган статуялар м-н курулмалардын бири; Фарос а-нда, Александрия ш-на жакын жерде б. з. ч. 280-ж. ч. курулган. Биринин үстүнө бири кабатталган үч бөлүктүү мунаранын бийикт. 120 мге жеткен. Анын чокусунда туш тарабы ачык таш чарпаяда от күйүп, кемелерге жол көрсөтүп турган.