АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕКСАНДРИЯ КИТЕПКАНАСЫ ‒ байыркы китепкана; кол жазма китептердин ири жыйнагы (100 миӊден 700 миӊге чейинки том); б. з. ч. 3-кылымдарда Александрия шаарында (Египетте) негизделген. Аны Эратосфен, Зенодот, Аристарх Самосский, Каллимах сыяктуу ири окумуштуулар башкарышкан . Каллимахтын жетекчилиги менен Александрия китепканасындагы китептерге каталог түзүлүп, ал дайыма толукталып турган. Александрия китепканасынын бир бөлүгү б. з. ч. 47-жылы Александриядагы согуштун учурунда өрттөнүп кетет, бирок кийинчерээк Пергам китепканасынын эсебинен калыбына келтирилген. Б. з. 391-жылы император Феодосий Iнин тушунда китепкананын бир бөлүгү Серапис храмында сакталып турганда христиан фанаттары тарабынан, андан калганы 7‒8-кылымдарда жок кылынган.