АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Кичи Азиядагы Афродисие ш-нан, 2‒3-к.) ‒ байыркы грек философу, Афиныдагы перипатетикалык мектептин башчысы, Аристотелдин комментатору. Теӊир руху адам жанын мекендеши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жандын өлбөстүгүн четке каккан. «Жан жөнүндө» деген чыгарманын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нус) концепциясын өнүктүргөн. Ал о. кылымдагы араб ж-а еврей философиясына таасирин тийгизген. Анын комментарийлери эмдигиче ил. маанисин сактап келүүдө. 
Ш. К. Алиева.