АЛЕВРОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛЕВРОЛИТ (гр. aleuron ‒ ун, lithos ‒ таш) ‒ негизинен 0,01‒0,1 мм өлчөмүндөгү бүртүкчөлөрдүн (алеврит) цементтелип, ныкталышынан пайда болгон жана диагенездин таасиринен өзгөрүүлөргө учураган катуу чөкмө тоо тек. Алевролит нефть, газ жана суу топтолуучу тоо тектерден. Кыргызстанда кеӊири таралган.