АЛЕБАСТР
АЛЕБАСТР (гр. alebaster) ‒ бүртүкчөлүү түзүлүштөгү гипстин бир түрү; ак же ачык мала кызгылт түстө. Минералдуу сууларда, көбүнчө ысык булактарда чөкмө түрүндө пайда болот. Орто кылымда Италия, Францияда Аалебастрдан вазаларды, статуэткаларды ж. б. даярдашкан. Майдаланган гипсти күйгүзүүдөн алынган бириктиргич материалдар да алебастр деп аталып, курулушта, чаптоо жана шыбак ишинде колдонулат.