АЛДЫ-ЖАР (АЛДЫЯР) КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Ош обл-нун Өзгөн, Кара-Кулжа ж-а Алай р-нун чек араларында. Кара-Суу темир жол бекетинен 85 км түш.-чыгыш тарапта. Биринчи маалымат 1934-ж. Куршап ж-а Гүлчө көмүр казуу артелдеринен алынган. 1953‒54-ж. издөө, 1974‒75-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон чөкмөлөр м-н байланышкан. Бардыгы 4 кабат, а. и. биринчи (астыӊкы) кабат өндүрүштүк мааниге ээ. Анын калыӊдыгы 0,1 мден 7,65 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн орт. күлдүүлүгү 24%. Көмүр таш көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына кирет. Күйүүнүн орт. жылуулугу 32,1 МДж/кгды түзөт. Көмүр кабаттарынын жердин үстүнө чыккан айрым жерлеринде көмүрдү ачык жол м-н казып алууга болот. Жалпы геол. запасы 45 млн т.