АЛГЫР КУШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГЫР КУШТАР ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн, мүнүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы менен башка куштардан айырмаланат.

Файл:АЛГЫР КУШТАР46.png
Алгыр куштар: ‒ 1. Карчыга; 2. Турумтай; 3. Ителги; 4. Шумкар; 5. Жагалмай; 6. Ылаачын.

А. к. оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, о. эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. А. к. тартуу жана кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда А. к-ды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. А. к-дын ичинен бүркүт менен карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.