АЛГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГЫ (Korolkovia severtzovi) ‒ лилия гүлдүүлөр тукумундагы, көп жылдык чөп. Түбү тоголок, эни 5 см, сабагы жоон, 20‒60 см, жалбырактары учунда гана жайгашат, калганы жылаӊач. Жалбырагы сапсыз, калыӊ, сабагына оролуп, кезектешип жайгашат. Гүлү анча көп эмес, кызгылтым күрөӊ. Мөмөсү ‒ кыска саптуу кутуча. Июнь‒июль айларында гүлдөйт. Ак топурактуу бөксө тоо капталдарында өсөт. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүгүндө, Талас Ала-Тоосунда, Алай, Чаткал кырка тоолорунда кездешет.