АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮКалгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. А. к. т-түн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алгебралык аффиндик жана проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган Алгебралык көп түспөлдүүлүк, ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Немец математиги А. Вейль А. к. т-кө дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу А. к. т. талаасындагы аффиндик алгебралык көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган W ачык көптүгү (WМ Va) тиешелүү түрдө ачык WМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (W) көптүктөргө бөлүнгөн.
Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.