АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГАЧКЫ ООЗДУУЛАР (Protostomia) ‒ эмбриондук өөрчүү учурунда оозу бластопордон, б. а. дене көӊдөйүн сырткы чөйрө менен бириктирип турган биринчи тешиктен пайда болгон (тикен терилүүлөрдөн, хордалуулардан башка) бардык үч катмарлуу жаныбарлардын систематикалык тобу. Оозу денесинин алдыӊкы бөлүгүндө алгачкы оозунун ордуна жайгашкан; арткы бөлүгүндө аналдык тешиги бар. Скелети жаргак кабыктуу, хитин же раковина түрүндө. Ичеги эктодермадан өсүп, борб. нерв системасынын ишин нерв түйүндөрү аткарат. Омурткасыз жаныбарлардын көпчүлүк типтери А. о-га кирет. Мис., жалпак, жумуру, шакек, балык курттар, немертиндер, моллюскалар, муунак буттуулар.