АЛГА-БАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГА-БАС ‒ Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу. Беш-Конуш суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 890 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 920 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.