АЛГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛГА ‒ Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Алга айыл аймагына караштуу. Катыраӊ кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 30 км түндүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 67 км. Деӊиз деӊгээлинен 710 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4622 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, спорт комплекси, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, чайкана, ашкана, оорукана бар.