АЛАШАНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАШАНЬ ‒ Борбордук Азиядагы чөл. Кытайдагы Наньшань тоосунун түндүк-чыгышында. Узундугу 700 кмден ашык, жазылыгы 300 кмге чейин. Аянты 1 млн км2дей (бийиктиги 800‒1600 м). Токол тоолуу, дөбөлүү, күдүрлүү түздүк. Ордун которуштуруп туруучу ири кум массивдери, бархандар (бийиктиги 350 мге чейин) басымдуу. Чуӊкур жерлеринде убактылуу көл, шор топурак, такырлар бар. Караган, шыбак, баялыш ж. б. өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, коён, сары чычкан,таш бака, кескелдирик ж. б. кезигет.