АЛАМҮДҮН КАСКАДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒  Батыш Чоӊ Чүй каналында жайгашкан , өткөрүмдүүлүгү 60 м3/с болгон 8 суу электрстанциясы. Алар төмөнкүлөр: Кичи Аламүдүн (1929-ж. ишке киргизил ген, 400 кВт), Лебединовка (1943‒1945, 2600 кВт), Аламүдүн-1 (1956, 2200 кВт), Аламүдүн -2 (1949, 2500 кВт), Аламүдүн-3 (1951, 2140 кВт), Аламүдүн-4 (1953, 2140 кВт), Аламүдүн-5 (1957, 6400 кВт), Аламүдүн-6 (1958, 6400 кВт). Каскаддын аныкталган жалпы кубаттуулугу ‒ 29,78 миӊ кВт. Кыркадагы бардык электр чордондор бири-бири м-н ж-а Кыргыз энергетикалык системасы м-н чыӊалуусу 35 кВт электр тармагы (сеть) аркылуу байланышкан.