АЛАМАНОВ Баян

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 Баян (1915, Чүй обл., Кант р-ну, Бирлик айылы ‒ 1985, Фрунзе) ‒ экономист, экономика илимд. доктору (1978). Кыргыз мамл. пед. ин-тун (1932), КПCC Борбордук Комитети нин алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн (1951). Жалал-Абад, Ысык-Көл обкомунун биринчи секретары, Кырг-ндын профсоюздар советинин председатели, Кыргыз мал чарба ил.-из. ин-тунун директору, Кыргыз ССР ИАнын экономика ин-тунун сектор башчысы. Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикасы б-ча адис болгон. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Экономика овцеводства Прииссыкуля. Ф., 1960; Воспроизводства основных фондах в колхозах Киргизской ССР. Ф., 1979.