АЛАЙ КӨМҮРЛҮҮ РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАЙ КӨМҮРЛҮҮ РАЙОНУ Алай өрөөнүндөгү көмүр кендери жайгашкан аймак. Райондо көмүрлүү юра катмары ар кайсы жерде жер үстүнө чыгып, 132 км аралыкка созулуп жатат. Ага Урмизан (Чукур), Норус-Көл, Кызыл-Булак, Бел-Алма ‒ Батыш Кашка-Суу, Кашка-Суу ‒ Каракол, Кожо-Келеӊ кендери жана кенчелери кирет.