АЛАИД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛАИД – Охота деңизиндеги Атлас а-нда жайгашкан аракеттеги жанар тоо, Россияда. Чоң Курилдин эң бийик жери (бийикт. 2339 мге чейин). Анын суу астындагы бөлүгүнүн  негизин эки жанар тоо ж-а А-дин байыркы  суу астындагы конусу түзөт. Ал эски конустун үстүндө жаңысы орун алган. Страто жанар тоосу андезит-базальт лавасынан турат. Отузга жакын кошумча конустары бар. Акыркы жолу 1933-, 1934- ж-а 1972-ж атылган. Анын негизинде Такетоми  конусу пайда болгон. Капталдарында ольха бадалы бийик өскөн чөптөр м-н алмашат.