АЛА ГҮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА ГҮЛ (Viola) ‒ өсүмдүктөрдүн ала гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чала бадал. Сабагынын узундугу 15‒20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү Ала гүл кеӊири таралган. Алтай Ала г.үлү тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теӊир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.