АЛА БАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА БАТА (Atriplex) ‒ шакардуулар тукумундагы чөп же бадал сымал өсүмдүк. Бир же эки жылдык отоо чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Топ гүлү ‒ машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнүн көбү жан жалбыракчасыз. Мөмөсү бир уруктуу. Мелүүн жана субтропик алкактарында 200, Кыргызстанда 11 түрү (айрыкча татар Ала батасы) өсөт. Бутактуу ала бата, ачык түстүү ала бата айдоо жерде, короо-жай, жол боюнда, татар ала батасы шор жерде, пахта талаасында өсөт. Шор топурактуу чөл жана жарым чөлдө бадал жана бадал сымал ак ала бата кезигет. Аны кой, уй, айрыкча төө жакшы оттойт.