АЛА-ТОО КРОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АЛА-ТОО КРОКУСУ  (Crocus alatavicus) ‒ чекилдектер тукумунун бир түрү. Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пияз түбү тоголок, бийикт. 1‒2 см, калыӊ күрөӊ кабыктарга оролгон. Жалбырагынын саны 5‒15, кууш тасма сымал, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде байчечекейден кийин эле эрте гүлдөөчү өсүмдүк. Март, июнь айларында уругу бышат. Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас, Фергана ж-а Чүйдүн сары топурактуу өрөөндөрүндө, адырларында таралган кооз өсүмдүк.