АЛА-БУКА ЗАКАЗНИГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛА-БУКА ЗАКАЗНИГИ‒ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы аӊчылык б-ча корук аймак. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталында, Өрүктү, Ала-Бука, Чанач, Кызыл-Ата сууларынын алабында. Аянты 25 миӊ га. Азайып бараткан доӊуз, элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б. коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.