АКЫЛБЕК манасчы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдар ченде туулган ‒ өлгөн жылы белгисиз) ‒ манасчы. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалаган. Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоӊ манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз?» ‒ деген суроого: «Чоӊ манасчылардан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши», ‒ деген экен.