АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ ‒ төлөмдөрдү накта акчасыз ишке ашыруу ж-а карыздакордун эсебинен кредит мекемелериндеги кредит берүүчүнүн эсебине өзара талаптарды эсепке алуу же каражат которуу жолу м-н бүткөрүү. А. э. накта акча жүгүртүүнү алмаштыруу м-н ага муктаждыкты азайтат, каражаттардын айлануусун тездетет, жүгүртүү чыгымын кыскартат. Бардык А. э. кредиттик мекемелер аркылуу же алардын контролдугу астында жүргүзүлөт. А. э. каражатта рына жүгүртүү акча төлөм каражаттары: векселдер, чектер, которуулар ж. б. кирет. Банк эсебине каражаттарды которуу аларда сакталып турган төлөмөрдүн салымдарынын (банк депозиттеринин ) эсебинен же банк ссудасынын эсебинен жүргүзүлөт.