АКЧАКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧАКАЯ (Ахча-Кая, Акжакая) – Түркмөнстандагы туюк ойдуң. Кара-Кум чөлүнүн түндүк-батышында Сары-Камыш ойдуңунан түштүгүрөөк жерде жайгашкан. Узундугу 50 кмдей, туурасы 6 км, салыштырмалуу тереңдиги 200 м. Дүйнөлүк океандын деңгээлинен –81 м (Азиядагы эң терең) төмөн жаткан ойдуң. Аттын такасындай формага ээ. Ойдуңдун капталы бийик жарлуу. Алгач советтик окумуштуу географ Э. М. Мырзаев тарабынан изилденген.