АКЧАКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧАКАЯ (Ахча-Кая, Акжакая) – Түркмөнстандагы туюк ойдуң. Кара-Кум чөлүнүн түн.-батышында Сары-Камыш ойдуңунан түштүгүрөөк жерде жайгашкан. Уз. 50 кмдей, туурасы 6 км, салыштырмалуу тереңдиги 200 м. Дүйнөлүк океандын деңгээлинен –81 м (Азиядагы эң терең) төмөн жаткан ойдуң. Аттын такасындай формага ээ. Ойдуңдун капталы бийик жарлуу. Алгач советтик окумуштуу географ Э. М. Мырзаев тарабынан изилденген.