АКЧА БАЗАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧА БАЗАСЫ‒ 1) банк системасынан тышкары накта акча; 2) борбордук банкта сакталып турган коммерциялык банктардын резерви . Эгер накта акчалар акчаны сунуш кылуунун бир бөлүгү болсо, ал эми банк резерви акчаны сунуш кылууну көбөйтүү менен банктарга жаӊы депозиттерди ачууга шарт түзөт. Борб. банк барыдан мурда А. б-н, б. а. өлчөмүнө өлкөдөгү акча массасы көзкаранды болгон активдерди жөнгө салат.