АКЧА БАЗАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 13 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ 1) банк системасынан тышкары накта акча; 2) борбордук банкта сакталып турган коммерциялык банктардын резерви . Эгер накта акчалар акчаны сунуш кылуунун бир бөлүгү болсо, ал эми банк резерви акчаны сунуш кылууну көбөйтүү м-н банктарга жаӊы депозиттерди ачууга шарт түзөт. Борб. банк барыдан мурда А. б-н, б. а. өлчөмүнө өлкөдөгү акча массасы көзкаранды болгон активдерди жөнгө салат.