АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЧА-КРЕДИТ САЯСАТЫ – мамлекеттин ички экономикалык туруктуулугун жана өнүгүүнүн тең салмактуулугун сактоо максатында жүргүзгөн иш-чаралары. Акча-кредит саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук Банкы биргелешип жүргүзөт. Акча-кредит саясаты милдеттемеде белгиленген ИДПнын өсүш темпине ылайыктуу камсыздоо максатында, Улуттук Банк акча массасын, инфляциянын өсүш темпин, баанын туруктуулугун, ошондой эле кредит ресурстарын жана проценттик ставкалардын керектүү деңгээлде каралышын белгилейт. Мындай саясаттын негизги багытын ачык рыноктогу операциялар, эсеп-кысап саясаты жана резервде накталай акчанын сакталып турушу аныктайт.