АКЧА- КРЕДИТ САЯСАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:31, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – мамлекеттин  ички  экон. туруктуулугун  ж-а өнүгүүнүн  тең  салмактуулугун  сактоо  максатында  жүргүзгөн  иш-чаралары.  А-к. с-н   Кыргыз  Республикасынын  Өкүмөтү м-н  Улуттук  Банкы  биргелешип  жүргүзөт.  А.-к. с. милдеттемеде  белгиленген  ИДПнын  өсүш  темпине  ылайыктуу  камсыздоо  максатында,  Улуттук  Банк  акча  массасын,  инфляциянын  өсүш  темпин,  баанын  туруктуулугун,  о. эле  кредит  ресурстарын  ж-а  проценттик  ставкалардын  керектүү  деңгээлде  каралышын  белгилейт. Мындай  саясаттын  негизки  багытын  ачык  рыноктогу  операциялар,  эсеп-кысап  саясаты  ж-а  резервде  накталай  акчанын  сакталып  турушу  аныктайт.