АКЦИОНЕРДИК КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦИОНЕРДИК КАПИТАЛ ‒ акционердик коомдун негизги капиталы, ал көптөгөн жеке капиталдарды бириктирүү жана алардын акциялары менен облигацияларын сатуу аркылуу топтолгон. Иш жүзүндө Акционердик капиталды акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционер тейлейт. Акционердик капитал негизинен эки жол менен жүзөгө ашырылат: 1) алынган пайданы капиталдаштыруу, 2) жаӊы акцияларды чыгаруу.