АКЦИОНЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦИОНЕР ‒ 1) акциялардан дивиденд түрүндө пайда алуучу акция ээси. Акционер акционердик коомго акцияда белгиленген акционердик капиталдын бир бөлүгүн анын номиналдык баасы боюнча төлөйт. Акционердин башка милдеттери акционердик коомдун Уставында көрсөтүлөт; 2) компаниянын капиталынын жана пайдасынын бир бөлүгүнө, директорлорду шайлоого катышууга жана башка маселелерди чечүүгө анын укугун ырастоочу сертификаттын ээси.