АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:31, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАР (соӊку лат. accessorius ‒ кошумча) ‒ магма жана метаморфизм тоотектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоотектерге мүнөздүү да болот. Мис.: граниттерге ‒ апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге ‒ хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоотектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кенташка айланат. А. минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоотектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын ж. б-ды аныктоого болот.