АКУШЕРЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУШЕРЛИК (фр. accoucher ‒ төрөткө жардам берүү) ‒ 1) м е д и ц и н а д а ‒ клиникалык медицинанын кош бойлуу мезгилде, төрөт убагында, төрөттөн кийин аялдын организминде болуучу физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөрдү изилдөөчү бөлүмү. Ал ‒ медициналык илимдин байыркы тармактарынын бири. Акушерлик аялдардын жыныс мүчөлөрүнүн оорусу жөнүндөгү илим ‒ гинекология менен тыгыз байланышта. Ал кош бойлууларга, төрөткө натыйжалуу жардам берүү жана төрөттөн кийин болуучу кабылдоолордун (кан кетүү, сепсис ж. б.) алдын алуу чараларын көрөт. Эне менен баланын саламаттыгын сактоо максатын көздөйт. 2) В е т е р и н а р и я д а ‒ мал бооз мезгилинде туут жана андан кийинки учурда организмде өтүүчү физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөр жөнүндөгү илим. Ал малды колдон уруктандыруунун теориялык жана практикалык маселелерин иштеп чыгат; малды өстүрүү маселелерин уюштуруу, туутуна жардам берүү ыкмасын үйрөтөт. Акушердик анатомия, эмбриология, биохимия, микробиология, физиология, хирургия ж. б. жалпы теориялык жана практикалык илимдердин жетишкендиктерине таянат.