АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА ‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо м-н кайра өзгөртүү ж-а аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн м-н гиперүн толкундары начар жутулат. А. э. түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы ж-а фазасы б-ча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн ж-а гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк ж-а беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.