АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:59, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ ‒ ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металл, жарым өткөргүч) таралуучу ультраүн толкундарынын эсебинен турактуу электр тогунун пайда болушу. Ал ультраүн толкун энергиясы жана импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилишине байланыштуу. Бул учурда үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот. Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө жана металлдарда А. э. э. анчалык күчтүү эмес, ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (СdS, CdSe) эффект абдан күчтүү болот. Ошондуктан ал катуу нерселердеги ультраүндүн ургаалдуулугун өлчөөдө, жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.