АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТР ЭФФЕКТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ ток өткөрүүчү чөйрөлөрдө (металл, жарым өткөргүч) таралуучу ультраүн толкундарынын эсебинен турактуу электр тогунун пайда болушу. Ал ультраүн толкун энергиясы ж-а импульсу чөйрөнүн өткөрүмдүүлүк электрондоруна берилишине байланыштуу. Бул учурда үндүн таралуу багытына туура келген электрондордун иреттелген кыймылы пайда болот. Жөнөкөй жарым өткөргүчтөрдө ж-а металлдарда А. э. э. анчалык күчтүү эмес, ал эми пьезожарым өткөргүчтөрдө (СdS, CdSe) эффект абдан күчтүү болот. Ошондуктан ал катуу нерселердеги ультраүндүн ургаалдуулугун өлчөөдө, жарым өткөргүчтөрдүн электрдик касиеттерин изилдөөдө колдонулат.