АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК ТҮЗҮЛМӨ ‒ аракети катуу нерселерде жана суюктуктарда оптикалык диапазондогу электрмагниттик жана акустикалык толкундардын өз ара аракеттерине негизделген түзүлмө. Ал оптикалык нурлануунун мүнөздөмөлөрүн (серпимин, уюлдашуусун, жарыктык ишаратын, спектрдик курамын ж. б.) башкарууга жана алып жүрүүчүсү жарыктык, акустикалык толкундар болгон маалыматтарды иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет.