АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК РЕЗОНАТОР — сырткы чөйрө менен кичинекей жылчык же түтүкчө аркылуу байланышта болгон курал. Аны биринчи жолу немец окумуштуусу Г. Гельмгольц (1860) ойлоп таап, үн талдоого колдонгон. Акустикалык резонатордун негизги өзгөчөлүгү ‒ толкун узундугунун резонатордун өлчөмүнө караганда бир кыйла чоӊ төмөнкү жыштыктагы өздүк термелүүлөрдү пайда кылууга жөндөмдүүлүгү. Изилденип жаткан үндүн термелүү жыштыгы акустикалык резонатордун өздүк термелүү жыштыгына жакын же барабар болсо, анда резонатордо резонанс кубулушу пайда болот.