АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АКУСТИКАЛЫК ИМПУЛЬС ‒ таралып жаткан үн толкунунун басымынын кескин өзгөрүшү. Мисалы, жарылууда, ок атылганда, учкун разрядында, нерселердин кагылышында пайда болгон үн толкундары. Акустикалык импульстун ар биринде чоӊ жана кичине басымдын аймактары болот. Анын спектри туташ жана максимум мезгили боюнча анын узактыгына жакын термелүү жыштыгынын аймагына туура келет. Ал чектелген көлөмдө акустикалык изилдөө жүргүзүүдө, гидроакустикада деӊиз чөйрөсүн изилдөөдө жана тереӊдикти өлчөөдө, ультраүн дефектоскопиясында ж. б. колдонулат.