АКУСТИКАЛЫК ДЕФЕКТОСКОПИЯ
АКУСТИКАЛЫК ДЕФЕКТОСКОПИЯ ‒ үн термелүүсүн колдонуп, нерсенин ички кемтиктерин текшерүү ыкмасы. Көбүнчө катмардуу констр-лардын желим м-н чапталган, ширетилген жериндеги кемчилигин, темир куймалардын сапатын текшерүүдө колдонулат.