АКУСТИКАЛЫК АГЫМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АКУСТИКАЛЫК АГЫМ — чоӊ интенсивдүү үн талаасындагы чөйрөнүн үзгүлтүксүз агымы. А. а. бир тектүү эмес эркин үн талаасында, айрыкча андагы ар кандай тоскоолдуктардын жанында пайда болуп, дайыма куюн мүнөздө. Анткени толкундагы чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн термелиши м-н байланышкан ж-а аны м-н таралуучу кыймыл саны толкун жутулганда чөйрөгө берилип, анын үзгүлтүксүз кыймылын пайда кылат. Ошондуктан А. а. ылдамдыгы үндүн жутулуу коэфф-ине ж-а анын интенсивдүүлүгүнө көз каранды, бирок үн толкунундагы бөлүкчөлөрдүн термелүү ылдамдыгынын чоӊдугунан ашпайт. А. а. бир тектүү эмес үн талаасындагы агып туруучу толкун агымы, тоскоолдукка жакын чек аралык катмардагы агым болуп үч типке бөлүнөт. А. а. техникада ж-а технологияда пайдалуу.